“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз.

ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК