“5 акын” теледолбоору жыйынтыкталат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун бешинчи айлампасы жана жыйынтыктоо аземи 7-декабрь күнү КТРКнын концерттик студиясында өтөт. Жыл бою өткөрүлүп келген теледолбоордун соңку катышуучулары 30 жашка чейинки калемгерлер, алар – Акжол Доранбек уулу, Жакшылык Дүйшөнбек уулу, Кадырбек Аблабеков, Болот Мамбетисаев жана Замир Орозбай уулу. Кече саат 13:00дө башталат. Бардык күйөрмандар үчүн эшик ачык. Жаш таланттарга жандуу күйөрман болууга чакырабыз.

КРУЖС, ТҮРКСОЙ, КТРК