
Рубаилер ***** Элдер мени ичкич дешет – ал ырас, Ыймансыз деп жемелешет – ал ырас. Эмне дешсе ошо дешсин, оңолбой, Хайям бойдон каларлыгым – дагы ырас. ***** Эй акмагым, бак даарыса мактанба, Күрөш талбай кырсык чалып жатканда. Теңир иши оор чыгар миң эсе, Үйрөнбөчү, ага жалаа жапканга. ***** Акылдуулар бука сааган сыңары, Акылынын тийет дайым зыяны. Бул мезгилде, акыл баасыз – чесноктой, Акмактардын байып жаткан убагы. ***** Мергенчилер ууга капкан салгандай, Ал капканга өзү түшүп калгандай. Бир кездеги Бахрам иччү жайларда, Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай. толугу менен…..