Султан Раев: Топурак

Мурат апасынын акыркы сөзүн укпай калды. Алыскы Швецияда иш сапар менен жүргөн. Мурат узак жолго сапар тартар алдында Ошко келип, апасынын жанында көпкө отурган. Жарым жылдан бери төшөктө узак жатып калган апасынын акыбалы күндөн күнгө оорлоп, өңү өчүп, купкуу тартып, жаак эти шылынып түштү. Кумсарган жүзүндө тирүүлүктүн изи өчүп бараткандай сезилди. Иреңи суз. Ара чоло эриндери бүлк-бүлк этет. Ичинде жыландай уюп жаткан оорунун зардабы, жанын жан алдырбай ичтен катуу бурап, эртели-кеч онтотуп чыгат. Дүйнөсү чарк айланган кемпирди ажал тушап, сары чырмооктой жабышты. Көзүн жумса эле көргөн актыгы шүүдүрүмдөй кулап, жумулган толугу менен…..