Кожогелди Култегин: Түркиядагы зилзалага реквием

Түркиядагы зилзалага реквием Жерге төшөп койгон килем баштанып, желп эттире серпти бирөө шак барып – күбүлүптүр далай шаарың, Түркия, күркүрөгөн өнүгүүдөн таш калып…   Шаарлар турчу асман тиреп апкаарып! Шайма-шайлуу сан-миң журтуң шаттанып! Бүлүнүптүр ошол дүйнөң, Түркия, бүт өсүштөн мойну үзүлгөн баш калып…   Караңгылык, ак жарыкка төгүлдүң, кара чачтар, кара түнгө өрүлдүң. Сойлоп-кулап баратып да шым кийип… соңку чегин та-арс сүзүштү өмүрдүн…   Ал-ансайын атып чоктой чаңырык… аласалып жатканы да жалынып… Ай, Күн, Жердин бети кошо айрылды – ар жеринен дубал-шыптар жарылып…   Эмне болуп кетти-и? Түшпү… өң беле… толугу менен…..