Керимбек Кадыракуновдун “Закым” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү

Акын Керимбек Кадыракуновдун “Закым” аттуу китеби жарык көрдү. Китепке автордун кийинки жылдарда жазылган жаңы ырлары кирди. “Мегаформат” басмасынан 1000 нускада жарык көргөн китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Сатып алууну каалагандар авторго (0703725858) кайрылсаңыздар болот. Керимбек Кадыракуновдун жаңы китеби тууралуу Керимбек Кадыракуновдун адабиятка келгенине, ыр жазуу менен алектенгенине бери жагы жыйырма жылдан ашык убакыт болуптур. Аны менен катарлаш жазып баштагандар азыр салмактуу топтомдорду, тандалмаларды, керек болсо чыгармаларынын көп томдуу жыйнагын чыгарганга камынып калышты. Бирок К.Кадыракунов чыгармаларынын сан жагына эмес, сапат жагына, жазган ырлардын ой жагынан, маани, мазмун жагынан алымдуу болушуна кызыкты. Чыгармачылыкта толугу менен…..