Габриэль Гарсиа Маркес: Мени ар дайым жандап, арбап келаткан негизги тема – бийлик маселеси

Адабият жана атак-даңк жалгыздыгы (“Латын Америка” журналында жазуучунун котормочулар, адабиятчылар, сынчылар менен болгон жолугушуусунан (1980) –Бир ирет поюзга түшүп, Женевага баратат элем. Он эки саат жол жүрүш керек, убакытты кыскартып, окуй турган эч нерсе жок, жанымда досторго апараткан “Жалгыздыктын жүз жылы” бар экен. Арга жок өз романымды окуй баштадым. Баарын эмес, үчпү, төртпү бөлүмүн окудум сыяктуу… –Сизге жактыбы? –Ачыгын айтсам, жаккан жок. Аны жазып бүткөндө дүйнөдө мындан ашкан китеп жок деп ойлогом. Арийне, Женевага бараткан жолдо уялганымдан жерге кирип кете жаздадым: аны ийине келтирип жазууга убакыт жетпей калганына көзүм жетти. толугу менен…..