Азиз Несин: Хирургдардын конгресси

Хирургдардын конгресси Хирургдардын кезектеги бүткүл дүйнөлүк конгресси Любликс шаарында өтө турган болуп калды. Өткөндөгүлөргө салыштырганда катышуучулардын абдан басымдуулугу менен айырмаланган скальпель чеберлеринин бул жыйынына бардык өлкөлөрдүн врачтары бөтөнчө маани берип жатышты. Конгресске келгендер дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал болгондор эле. Бул футболдук беттешүү же дагы бир кино ханышасы уюштурган ич кийимдердин көргөзмөсүнө арналган пресс-конференция сыяктуу бөтөнчө уу-дуу чыгарган окуя болбосо да, Х конгресстин жүрүшүнө байкоо жүргүзүп туруу үчүн дүйнөдөгү бардык телеграф агентстволорунун кабарчылары топурап Любликске толуп кетти. Конгрессте илимий билдирүүлөрдү жасоого 123 өлкөнүн даанышман хирургдары даярдык көрүп жатышты. Алардын арасында адамдын толугу менен…..