Мукагали Макатаев: Сыйын маган, эй, өмүр, сыйын маган, Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!

Тууган элге Күн болбой эле коеюн көгүңдө мен, Күнсүз эле жылуулугум бекер берем. Көз жашыңдай көрсөтпөй сактайсыңбы? Жанарыңдан жылт этип төгүлбөгөн.   Ай болбой эле коеюн асманыңда, Мээримиң болоюн дос, жакынга. Унутулган изиңдей сактайсыңбы? Чубалжыган суурулган ташта, кумда.   Жылдыз болуп жанбаймын ааламыңда, Баатыр болуп тура албайм алышууда. Баарысы эмес… Туулган эл, чирит мени, Туйлабасам туңгуюк намысыңда.   Сенден туулуп, сенден өскөн балаң экем, Түшүн мени, оюм жок башка, бөтөн. Менин сага тийгизээр залалым бул – Бир ууч топурагыңды ала кетем   Түшүмө тоо кирет Уктасам эле түшүмө дайым тоо толугу менен…..