Эгемберди Эрматов: Сүкүт салуу

Сүкүт салуу ***** Адабиятка аралашып жүрүп сүкүт салганды үйрөндүм. Сүкүт салуу менин жан дүйнөмдү ыраатка кетирип, башаламан болгон ойлордон арылтып, «ички көзүмдүн» ачылышына, ушул көз ирмемди баалап, барктап кармап калууга жардам берди. Чаң- тополоң түшүп, ар кайсыл нерсени бирден чарпып жүргөн акылым сүкүттүн жардамы менен бир чекитке топтолуп, эркиме баш ийип калды. Сүкүт бул чыгармачылыкта жашоонун күрөө тамырын кармап калууга өбөлгө түзүп берчү улуу күч экендигине ишендим. ***** Жөнөкөй адамды акмакка айланткан, чыгармачыл адамды маңыз кылып койгон нерсе – маани-маңызын жакшылап түшүнүүгө чоло тийдирбей жаңырып келип жаткан ойлордун агымы. Адамдын толугу менен…..