И.Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китебинин бет ачары өттү

Акын Ибраим Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөн эскерүү иш-чарасына КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, акын М.Самыйкожо, КР Эл акындары М.Ааматов, К.Бакиров, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, маданият, искусство ишмерлери, акындын үй-бүлөсү катышты. Кечеде акындын чыгармачылыгы боюнча сөз болуп, ырлары окулду.

О.Айтымбетовдун 75 жылдыгына арналган конференция өттү

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР Эл жазуучусу О.Айтымбетовдун 75 жылдыгына арналган “Кылымдарды карытчу залкар инсан” аттуу конференция болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Президентинин кеңешчиси, КР Эл жазуучусу Ч.Абыкеев, А.Жакшылыков, Ж.Кулманбетов ж.б. акын-жазуучулар, маданият жана искусство ишмерлери катышты. Конференциянын катышуучулары О.Айтымбетовдун чыгармачылыгы боюнча сөз кылышып, эскеришти. Мекенди сүйүүгө, маданиятка, кыргыз тилин, адабиятын өнүктүрүүгө, кыргыз тарыхын тактоого эбегейсиз эмгек өтөгөн О.Айтымбетовдун чыгармачылыктагы мурасын жайылтуу, эмгектерин колдонуу, түбөлүк сактоо максатында конференциянын катышуучулары: О.Айтымбетовдун ысымын Балыкчы шаарынан бир мектепке ыйгаруу, тарыхый эмгегин, чыгармаларын мамлекеттик деңгээлге көтөрүү, китептерин кайрадан басып толугу менен…..

Григорий Горин: Кирпичечен

Жазуучулар Союзунун мүчөсү, котормочу, акын, журналист Эрнис Асек уулунун көзү тирүү болгондо бүгүн 52 жашка чыкмак. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында 1970-жылы 13-июнда туулган. 2020-жылдын 29-январында капилеттен жүрөгү кармап көз жумган, сөөгү Ат-Башы районундагы кичи мекени Кызыл-Туу айылындагы бейитке коюлган. Жубайы Назира Саалиеванын айтымында, 9 китеп которгон. Жарык көргөн китептери: Кун Фы Зы (Конфуцийдин осуяттары) жана ыр жыйнагы «Каалга». Эрнис Асек уулунун орус жазуучусу, драматург, сценарист Григорий Гориндин «Кирпичечен» аттуу котормосун сунуштайбыз! Григорий Горин Кирпичечен Атасы – кырк жашта, Славик – он жашта, кирпиге – андан да аз толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Чыңгыз Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши

10-июнь Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнүнө карата жазылган Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын “Ч.Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши” аттуу макаласын сунуш кылабыз. Чыңгыз Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши Чыңгыз Айтматов жазуучу-философ катарында чыгармачылык өмүрүндө дайыма адам жана адамзат жашоосунун эң бир терең сырларына сүңгүп кирип, алардын нары татаал, нары карама-каршылыктуу, өтө курч жагдайларын көркөм иликтөөнүн жардамы менен жогорку, эң жогорку көркөм-эстетикалык, философиялык деңгээлде ачып берүүгө аракет кылып келди. Өз чыгармаларында каармандарынын кубаныч, азаптарын өтө баамчыл, терең психологиялуу сүрөттөө менен гана чектелгени жок. Жазуучу аны толугу менен…..