Шербет Келдибекова: Балким ысмым сыйрып турмуш пардасын, Селт эткендир капилеттен жүрөгүң.

КӨӨНӨРБӨС НУК Жылтыр шаңы өчөт кездердин, Шүүдүрүмү кетет чөптөрдүн, Дуулай берет тынбай бу тирлик, Жаш көбөйөт, көптөрдү эстеймин.   Туманданып өткөн жаш курак, Жылдар агып, жылга бастырат. Эске салсам мен курлуу энемди, Эбегейсиз жанын карч урат.   Жеткен кими түйшүк түбүнө? Антсе да өмүр ошол тирүүгө. Түпкү эне да бир кез түрүнүп, Түшкөн чыгаар тирлик бийине.   …Жылтыр шаңы өчпөй кездердин, Шүүдүрүмү калып чөптөрдүн, Чаалыгарда кайра дүрт этип, Чарк урунган энемди эстеймин.   Түк кургабай нымы чөптөрдүн, Түпсүз экен нуру кездердин. Агарганда чачым, а балким, Атамдын шол чагын эстээрмин.   толугу менен…..