Мурза Гапаров: Жол кырсыгы

Жол кырсыгы Машине жолдон он кадамдай чыгып барып, тумшугу менен кар баскан бийик жарды сүзүп туруп калыптыр. Үстүндөгү карагай торсундардын бирөө кабинанын арткы айнегин көзөп кирип кетиптир. Сыдыктын ыманы уча түштү. «Шоопуру эмне болду экен, бечара?» – деп ойлоду. Бирок шоопурун көрүүгө үлгүрбөдү. Кабинанын ичин эңилип карагыча болбой, өздөрү анын тушунан өтүп кетишти. Сыдык өз шоопурун суроолуу карады. Шоопуру кыркка чыгып калган, өгүз моюн, сүрдүү адам экен. Кебете-кешпирине жараша түнт, орой неме экен. Оштон чыккандан бери Сыдык аны бир нече жолу сөзгө салып, бирок кебине алымсынбай койду. Берген суроолоруна гана толугу менен…..

Аскар Медетов: Азыркы эл акындары – орто заар поэзиянын өкүлдөрү

Кыргыз адабиятынын азыркы абалы кандай? Учурда адабияттын жүгүн көтөрүп, жоопкерчилигин алып жүргөндөр кимдер? Бул суроолор боюнча адабиятчы Аскар Медетовго кайрылып, жооп издеп көрдүк. Чогуу күбө болуңуздар.

Аллаберди Үмөталиев: Пульт менен башкарам деп…

Пульт менен башкарам деп… (сатира) Эх, жашоо деп ушуну айт! Кандай жыргал заман келди, чиркиндики десең!.. Жамбаштап жатып алып, алыс аралыктан телевизорду пульт менен каалаган каналыма котором. Ал тургай люстраларды пульт менен жандырып өчүрөм. Чоң дарбазам, каалгаларым, терезелер, пардалар бүт пульт менен ачылып-жабылат. Автоунаам да пульт менен от алат, ачылат, жабылат. Үйүмдөгү бардык кондиционерлерди да пульт менен башкарам: алар үшүсөм жылуу шамал, ысысам муздак шамал айдашат. Сумкамда акыркы үлгүдөгү “Айфон” уюлдук телефонум бар. Каалаган кишиме чалам, болушунча баарлашам. Бардык суроомо интернеттен жооп табам. Бирок, буларды көп пайдаланган да зыян окшойт, толугу менен…..

Жылкычы Жапиев: Ырчы

Ырчы Бу корто кишини ырчы экен деп ким ойлоптур. Кудай акы, эч убакта менин оюма келмек эмес. Атургай адеп укканымда ишенгеним жок. Аны ырчы дештин өзү шылдыңдай сезилди. Айыл дүрбөп калды ырчы келиптир деп. Кечинде ырдайт экен. Эсепчи Жумабайдыкына токтоптур. Алыс, алыс туугандары имиш аялынын. Бул чакан айылдын жалгыз дүкөнүн бири кетсе, бири келип, беш-алты киши сагаалап турганы турган. Булардын бүгүнкү чоң жаңылыгы ошо ырчы болду. – Көрдүм, корто неме экен көзгө жугуму жок. – Жыргаган киши ырчы болмок беле. “Акылы жок уйкучу, ары жок ырчы” дейт. Жалаң дүкөн сагалашкандар толугу менен…..

Баратбай Аракеевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтабыз

Кыргыз адабияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев 11-апрелде 72 жашында дүйнө салды. Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдын орто мектебин аяктап, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соӊ, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылы бүткөн. Б.Аракеев жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген. Ошол жылдардан тартып кыргыз журналистикасына аралашып, Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы телеканалда бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Көшөгөсүз колукту

Көшөгөсүз колукту (аңгеме) Коңшу аялдар кезектеги шеринеге адаттагыдай эле өздөрү жашаган көчөдөгү чайканага чогулушту. Он жылдан бери ай сайын ушул жерде аш жешет. Эки кабаттуу, короо-жайы кенен, чыгыш үлгүсүндө курулган сөөлөттүү чайкананын кардары көп. Биринчи кабаттагы жайлуу бөлмө атайын алар үчүн бөлүнгөн. Анын жапыз жыгач сөрүсүнө жер төшөктөр калың салынып, суук күндөрү темир меште от алоолоп күйүп, ал эми тейлөөчү кыздар жүгүрүп кызмат кылат. Бул чайкана ээсинин аларга көрсөткөн коңшулук ызааты эле. Ошону үчүнбү аялдар шеринеге кушбак көңүл менен келип,  шарактап сөз талаша сүйлөшүп, каткырык-күлкүлөрү да короонун дарбазасына чейин беймарал толугу менен…..

Садык Алахан: Жер жөнүндө терме

“Жер жөнүндө терме” Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылык тагдырында өзгөчө орунда турган термелеринин бири болуп “Жер жөнүндө терме” деп аталган чыгармасы эсептелет. Жогоруда биз “Жинди суу” жөнүндөгү сөзүбүздө суу темасы дүйнөнүн көптөгөн элдери сыяктуу эле кыргыз калкынын элдик оозеки чыгармачылыгында, кийинчерээк ырчылар поэзиясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн чыгармаларында да кеңири  түрдө көркөм иликтөөгө алынып келгендиги тууралуу айрым бир конкрет мисалдардын негизинде айтып кеттик эле. Суу сыяктуу эле түбөлүктүү темалардын бири болуп Жер темасы эсептелет. Жер-Энени башкаларга окшобогон бөтөнчө бир бийик үн менен ырына кошкон Барпы менен Эшмамбет болуптур. Бул жашоодогу бардык нерсеге Эне болот толугу менен…..

Чолпон Субакожоева: Сезимди селге алдырган, Ырларынан көлкүп турат көкүрөк

2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында жазуучу, обончу, аткаруучу Өктөм Калыеванын 60 жылдыгын утурлап өткөрүлгөн “Жашоонун куту энеде” аттуу Атантай Акбаров менен Өктөм Калыеванын чыгармачылык кечесинде бир жыл бою Ө.Калыева жөнүндө жазылган ыр, проза, эссе ж.б. конкурс жарыяланып, байгеси көрсөтүлгөн. Ошол конкурстун алкагында келип түшкөн Чолпон Субакожоеванын Өктөм Калыевага арнап жазган “Кылымдар…” аттуу одасын жарыялайбыз. Урматтуу окурмандар, сиздерден дагы конкурска карата ырларды, эсселерди, прозаларды күтөбүз, чамдаңыздар! Кылымдар… Кылымдар – изи калган өмүрлөр… “Туулуп эле тууган болбойт, тутунуп да тууган болот.”    “Жакшынын кеби жайдары,   капаңды жазат кайдагы”, “Көңүл ынагы, көздөн билинет.” толугу менен…..

Сайгё (Норикиё): Жүзүм сүрдүү болгон менен, Жеңдерим нымдуу көз жаштан

Жапон классикалык поэзиясы Сайгё (Норикиё) (1118-1190) Кыргыз акындары, котормочулары жапон классикалык поэзиясынан Басёнун ырларын көп которушту, бирок даңазалуу акындын устаты Сайгё тууралуу сөз боло элек, анын ырлары которула элек. Ушул кенемтени толтурууга аракет жасап көрөйүн дедим. Сайгёнун өмүр таржымалы кызык. Жыйырма жашында калаадагы үй-жайын, кызматын, аялын жана кичинекей кызын таштап, чачын кырдырып, монах болуп кеткен. Калган өмүрүн бүтүндөй жер кезип жүрүп өткөрдү. Тоодогу жер кепелерде, кээде ачык асман астында түнөдү. Жашоосун ырсыз элестете алган жок, ыр менен бирге жашады. Сайгё беш, Басё үч саптан турган ырларды (жапондор буларды “танка” жана толугу менен…..

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады Кыргыз Республикасынын Эл акыны Омор Султанов дүйнөдөн кайтты. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. 1980–1986-жж. кайрадан Кыргыз Жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган. 2007-2009-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы болуп иштеген. “Жаңы Ала-Тоо” журналын негиздегендердин толугу менен…..