Зайырбек Ажыматовго эстелик тургузулду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын  Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 28-апрелинде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бүгүн, акындын сөөгү жаткан Ала-Арча көрүстөнүнө эстелик тургузулду. Маркумду эскерүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана акындын үй бүлөсү, калемдештери, достору, кесиптештери катышты. Акын “Азаттык” радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген. Анын «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.

Өмүрбек Тиллебаев: Ар бир күнүм эң акыркы күнүмдөй, Ар бир ырым эң биринчи ырымдай…

Акын Өмүрбек Тиллебаев 60 жашта “Ар бир күнүм эң акыркы күнүмдөй, Ар бир ырым эң биринчи ырымдай…” (Акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Адамдын күн жүрүшү” ыр китебинен кийинки айрым ойлор) Ар ким ички жан туюмунда дүйнөнү өз алдынча көрөт, түшүнөт, аңдайт, анткени анын дүйнөтаанымынын өзөгү жеке көз карашка, эң оболу адамдын руханий кабылдоосу менен тең каралат. Адамдык сезим вулканы – бу эмоция. Бекеринен атактуулар кезегинде, “Дүйнөнү эмоция башкарат, дүйнөнү эмоция гана кыймылга салат!” деп, шардана айтышпаса керек. Адамдын ички сезим цикли да ушул өзгөчө туюм менен, абал менен жашап, анын миң кырлуу, толугу менен…..

“Жылдын мыкты котормочусу – 2022” сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү

2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде аталган университеттин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө программасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик Тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты котормочусу – 2022» кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Берилген көркөм чыгармаларды кыргыз, түрк, орус, англис тилдерине которуу аркылуу котормо бөлүмүндө окуган студенттердин көркөм котормо багытындагы талант, шык-жөндөмүн ойготуу, сыноо максатында уюштурулган “Жылдын мыкты котормочусу – 2022” кароо-сынагына келип түшкөн жыйырма беш студенттин котормолорунун ичинен мыктылары иргелип алынды. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, ардак грамоталар, толугу менен…..