Сүйөркул Тургунбаев: Улуу тоого чыккан барбы?..

Улуу тоого чыккан барбы?.. «Гүл канчалык күндүн нурун сиңирсе, ошончолук жанып турат желбирттеп» – бул акын Абдрахман Алымбаевдин (Байас Турал) сөзү. Себеби жер бетиндеги ар бир жаныбар, чөп-чардан баштап курт-кумурскага чейин Күн менен Жердин ааламына багыныңкы. Жер Күндү карап өз огунда айланып туралбаса, мынчалык оор жүктү өз бетиндеги тириликти күтө албас эле. Жер бетинде Эверестей, Гималайдай, Хан Теңиридей, Памир чокусундай касиеттүү бийик-бийик Теңирдин өзү менен сүйлөшүп тургансыган тоолор бар. Биерде Улуу Тибетти да, Карпат, Алпы тоолорун да унутпашыбыз керек. Ошол тоолордун деми менен улуу түздүктөр – жашыл өрөөндөр, океандар, деңиздер, толугу менен…..