Дүйшөн Керимов: Төкө

ЭССЕ * * * Ал ар дайым түшүмө кирет. Бу жарык дүйнөгө мени жараткан, алпештеп өстүрүп коюп, а өздөрү жапжаш кездеринде эле жер алдына кете беришкен кайран ата-энем Касый менен Батыштан, эзели өз атымды атабай, өңүмө карап, “Сарыбайым…” деп опсуз эркелетип, 85 жаш курагына дейре басып жүрүп жашоодон көчкөн чоң атам Керимден да көбүрөк түшүмдө кездешчү жашынан жайраган  бир боор карындашым Бейшегүл, экинчиси ушул – таякем Төлөгөн. Неге, неге дейм… Балким бул кандаштыктын, тууган арасындагы жакындыктын өзүнчө бир сыры, жышаанасыдыр деп ичимден сыза, кусалана өзүмдү жооткотом, байма-бай куран окуйм. А толугу менен…..