Мурза Гапаров: Жол кырсыгы

Жол кырсыгы Машине жолдон он кадамдай чыгып барып, тумшугу менен кар баскан бийик жарды сүзүп туруп калыптыр. Үстүндөгү карагай торсундардын бирөө кабинанын арткы айнегин көзөп кирип кетиптир. Сыдыктын ыманы уча түштү. «Шоопуру эмне болду экен, бечара?» – деп ойлоду. Бирок шоопурун көрүүгө үлгүрбөдү. Кабинанын ичин эңилип карагыча болбой, өздөрү анын тушунан өтүп кетишти. Сыдык өз шоопурун суроолуу карады. Шоопуру кыркка чыгып калган, өгүз моюн, сүрдүү адам экен. Кебете-кешпирине жараша түнт, орой неме экен. Оштон чыккандан бери Сыдык аны бир нече жолу сөзгө салып, бирок кебине алымсынбай койду. Берген суроолоруна гана толугу менен…..