Мекен, сенин тузуң таттуу Мекен, сенин тузуң таттуу, Уулдарың азамат! Төрүң кенен, бийик ашууң, Куш канаты талыгат. Тили жүйрүк, көзү өткүр, Кол сунганы келечек. Элиң сонун – пейли кенен, Ыр-күүсү бар керемет. Кызыл байрак кырка тарап, Кызы наздуу Мекеним. Алмустактан аяр тутуп, Аздектеген медерим. Жылга-жыбыт, кокту-колот, Ар бир ташың баа жеткис. Сен экөөбүз киндик туташ, Жаралгандан эгизбиз! Ала-Тоодой заңкайышкан, Карылары – кеменгер. Кагылайын Ата Мекен, Эсен-аман боло көр! ***** Мүнөзү бар өзгөрүшчүл элиңдин, Дагы канча өзгөрүү бар ким билет!? Уулдарың кашкөй баатыр, эзелтен Каршылашы кара толугу менен…..