Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери

Асанбек Стамовдун повесттери (Биринчи макала) Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жазуучу А.Стамов маданий чөйрөбүзгө өздөрүнчө бир толкун болуп келишкен М.Гапаров, К.Жусупов, К.Жусубалиев сыяктуу муундаш калемдештери менен бирге адабиятыбыздын каалгасын тээ алтымышынчы жылдардын башында какса да, анын чыныгы чыгармачылык жүзү, эстетикалык көркөм казынасынын (албетте, өз өлчөмүнө жараша) айрым учкундары бүгүнкү жетимишинчи жылдары өз келбетин көрсөтүп олтурат. Адабий сыныбызда белгиленип жүргөндөй анын чыгармачылык “көктөмү” деп аталып, болбосо А.Стамовдун көркөм изденүүсүндөгү “бурулуш” учур болуп эсептелген “Кеч күздө” повестинин жарыкка келиши менен, кыйыр түрдө айтканда, жазуучунун “мөмөлүү күзү” башталды. Бир топ адабий тыныгуудан кийин толугу менен…..