Жылдын мыкты китеби

КР Улуттук жазуучулар союзу 2021-жылдын мыкты китеби сыйлыгын тапшырды. Бул сыйлык 2020-жылы уюштурулуп, экинчи ирет ыйгарылууда. 2021-жыл ичинде жарык көргөн китептердин арасынан Поэзия сериясы боюнча Калчоро Көкүловдун “Ыйман ыры” поэтикалык жыйнагы, Проза сериясы боюнча Аскарали Ражабалиевдин “Мусаапыр” китеби, Котормо сериясы боюнча Таштанбек Чакиевдин котормосундагы И.Буниндин “Караңгы аллеялар” китеби 2021-жылдын мыкты китеби деп табылды. Авторлорго атайын статуэтка жана дипломдор ыйгарылды. “Жылдын мыкты китеби” сыйлыгынын статуэткаларын жасатып, демөөрчүлүк кылган Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловго ыраазычылык билдиребиз.