Айнагүл Базарбаева: Атам түгүл, зар болуп азыр кайтам, Короодогу койлордун корголуна

Бала чак Тыт башында балапандай олтурган, Оозу-башым кочкул-кызыл, карала, Түшөт эске бала чагым. Баласындай карганын, Болсом деле, энем айтчу “аппагым…” Ширин эле ал тыттар, Кызыл эле алчалар, Жийде жыты “бур-бур” этчү. Эх, жыпар! Шагы ийилген алмалар, Шабдаалылар, бийилер, Турчу баары ийип эй,- Данегинен сүт чыгарган бадамдар. Берекелүү, белен бейиш багындай, Ширин эле, таттуу эле ал жылдар, Куса болуп апакемди издеген, Мага баары апа эле, эмизчүдөй эмчегин, Мээрим төгүп турчу, аалам, табият, Алла таалам кааласам,- Кыялымда ак булутка олтургузуп коюучу, Бала кезде асмандарды каалагам. Бийик-бийик болуу үчүн..   Ак – кара толугу менен…..