Алиман Абдыкеримова: Асманды караганды жакшы көрөм…

Бата Бейпилдик белин үзүп келген бул ок, Бетмаңдай турган сымал көрүнүүдө. Келмеге аралашкан жашым, бирок, Бешик ыр менен ылдый төгүлүүдө… Абалың карап туруп, жаным бир ууч, Алапай таппай турам. Акыл айраң… “-Чыйрыкпай, чыптамамды жамын, -дурус!”- Баткеним, көздөрүңдөн бакырайган! Шилиге тийген октун шишигине, Шири-ин бир дары болуп ырым барсын! Ата-Журт таш тийсе да күчүгүңө, Душмандын төбөсүнө үйүр камчың! Кудайдан тилеп турам. Айыккының! Сөгүлгөн сөөгүң, сынган байрак, тулгаң. Башчы бер, сукпатындай кайырчынын, Тандооңо туш келсе экен кайраттуудан! Этеги толуп, элдин ырыскыга, Капсалаң жолу буулуп корумдалсын! Ый, санаа, ыза аралаш ушул батам, Оомийин!- толугу менен…..