Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечеси өттү

Бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук Опера жана балет театрында КР ЖК мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар, акын-жазуучулар, жалпы окурмандар катышты. Ч.Турсунбековдун калемдештери анын акындык, котормочулук таланты жөнүндө кеңири кеп кылышса, кесиптештери саясаттагы орду тууралуу айтышты. Чындыкты дос туткан калемгер саясатчынын адамгерчилиги, достук мамилеси, мекенге болгон ак кызматы ар бир адамдын жүрөгүндө сакталат. Акындын чыгармаларын Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери  сахналаштырып, көрүүчүлөргө тартуулашты.