Азада Бегимкулова: Намыс үнүн укпай коюп бир жолу, Күнөө бекен махабаттан жаңылуу

Өзүмө ант Адилдикке баш ийип тепселейин, Жамандыктан жан ачып жектелейин. Касымдын таттуу сөзүн укканчакты, Досумдун ачуу сөзүн эп көрөйүн.   Жалгандын гүлзарында көктөбөйүн, Жашоонун тегиз жолун көксөбөйүн. Караны ак деп эптеп күн көргүчө, Отуна акыйкаттын өрттөнөйүн.   Ак жерден күйгөнүмө өксүбөйүн, Өмүрдү гүл ачкандай өткөрөйүн. Байлыгым бир нан болсо тең жарымын, Бөлүшүп башкаларга жеткирейин.   Жакшыга жаным чаап тартылайын, Жаманды жаман дебей бар кылайын. Жолума арам ойлуу торун жайса, Чалынбай өтүп кетип дал кылайын, Же мени бир көрүүгө зар кылайын.   Мээримим адамдарга Сезим гүлү соолуса арык кайда, Жүрөк сыздап толугу менен…..