Сүйүнбай Эралиев: Баладай ыйлап жатып булут улуп, Басылды улутунуп – улутунуп

Бийикте Өткөн жерби кайберендин буту аттап, Өр таянып, тоолор тоого бутактап, Колтук керсе чокулардан чокулар, Көзгө илээшпей көктөн чыгат учу аппак. Чептей сүрдүү зыңгыраган аскалар, Желдей жеңил булуттарды кучактап, Өөп-жыттап, ашыгындай түнөтүп, Атар таңда кайра узатат ызааттап…   Мөңгү жибип, ашуулардан ала жай, Булак чуркайт шагылдарды аралай, Асманында бүркөө түндөй булуттар Алыс кетпей алда неге каралай, Жай каалгып көчүп жүрүп, заматта Жаз жамгырын самсаалатып салаалай, Төгүп жатып токтой калат томсоруп, Ыйлап-ыйлап тып басылган баладай.   Бирде элөөрүп, бирде кайра шалдырап, Тоо шамалы жүрүшүн дем алдырат, Жашыл беттин кыл кыягы өңдөнөт, толугу менен…..