Качкынбай Осмоналиев: Боорукер

Боорукер (кыскартылды) Атасынан ажырап, энеси менен калган баланы – “бул шордуу бешиктен бели чыга электе атасын жутту. Эми боорун көтөргүчө жетим аты өчмөк беле!” деп, кейимиш болгонубуз менен жетимдин ичинен ар кандай жетимдер учурайт экен. Жумгал өрөөнүндөгү жети үйлүү кедейлерге баш калкалап күн өткөргөн Апын Кайкыча мурдунун учу көмкөрө кармаган топчуга окшошуп кетет. Көзү тегерек келип, оттуу кареги тынч жатпай шоктуу. Ал тагдырдан ата-энесинин бирин да кармай албай калды. Кур дегенде алардын өңүн түкшүмөлдөп калса эмне. Анда ал “менде ата-эне болгонбу же чын эле болгон эмеспи?” деп, турмушта күмөн санайт. толугу менен…..

Мээркан Токсобаева: Салкын

Салкын Ак булутту аралаган күмүш канат самолет учпай эле бир орунда токтоп тургандай. Мотордун бир калыпта гүүлдөгөнү болбосо салондун ичи тынчтыкта. Жүргүнчүлөрдүн айрымдары уйкуга кеткен, кээ бирлери гезит окушуп, бирөөлөрү жөн гана терезени карашат. Салкын гана самолетко көнө албай, кылт этсе жүрөгү оозунан чыгуучудай алкымына кептелип, оюнда поезд менен эле чыкпай деп өкүнүп келатты. Ушул жашка чыкканы учмага түшүп көрбөсө, анан калса “баланча жерден кырсык болуп, түкүнчө жүргүнчү набыт болуптур” деген окуялар көбөйдү. Кудай сактасын дейт өзүн-өзү сооротуп, самолеттун баары эле кыйрап жатыптырбы. Ал чанда бир кездешүүчү кырсык да. Соороткон толугу менен…..

Абдыкерим Муратов: Алайдын жылдыздары

Алайдын жылдыздары (“Жылдыздар тараган таңдар” романынан үзүндү) Абдыкерим Муратовдун “Жылдыздар тараган таңдар” романынын сюжеттик-композициялык кыймылы XX кылымдын башынан 30-жылдарына чейин уланат. Башкы каарман Биринчи дүйнөлүк согушта атчан чалгынчылардын командири катары көптөгөн эрдиктерди көрсөткөн, кийин Кеңеш бийлиги келгенде большевиктерге каршы күрөшүп, Мадаминбектин оң колу болуп жүргөн, анан Кызыл армия тарапка өтүп, кыргыз атчандар полкун түзгөн жана жетектеген Сулейман Кучуков тууралуу. Ал каармандын айланасында көптөгөн тарыхый окуяларга жана тарыхый адамдарга көркөм экскурс жасалат. Төмөндө романдын чакан үзүндүсүн окурмандарыбызга тартуу кылабыз. ***** Бала чагынан эсинде элес-элес калыптыр: көккө сайылган мунусунан нарыгысы эгиздеген тоолорго толугу менен…..

Ар тараптуу талант Атантай Акбаров

Убакыт учкан куш. Аны кармап турууга мүмкүн эмес экен. Биз, 2020-жылдагы маараке ээлерин куттуктап чагылдырууга аракет кылдык. КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Акбаровдун чыгармачылыгына арналган көрсөтүү менен жылды жыйынтыктап турабыз. Жетишпей калган акын-жазуучуларыбыз арбын. Буюрса, келерки жылда адабият жаатында абдан жакшы иштерди аткарабыз деген изги тилектерибиз бар. Колдон келген мүмкүнчүлүктү коё бербегенге аракет кылып келүүдөбүз. Бизге колдоо көрсөткөн, жакшы пикирлерин айтып, тилектештигин билдирген ар бир инсанга терең ыраазычылык билдиребиз. Жаңы-жылыңыздар куттуу болсун!