Шекербек Калыков: Буйруса депутат болом

Буйруса депутат болом Сунуш түштү, туугандар. Депутат болушум керек экен. “Сен татыктуусуң”, дешти. Түнү бою уктабай чыктым. “Неден жаздым, неден жаңылдым”, дейм ичимен. “Жарытылуу костюмуң жок, байкушум. Деректир акемин костюмун жеңемен сурайт окшойм…” деп келинчегим жанымда өзүнчө буйшаман. Анан дагы кейигендей, “Элден чыгат деген шу экен да…” деп оор улутунуп коет. “Минеге элден чыгат экемин” дейм. Кемпиримин сөзү жакпады, мага. “Патта аканин баласы депутат болгондон бери жок болуп кетти го. Карачечекей эжесинин тажиясына келбей койду. Элдин баары айтып атат. Элден чыккан шу деп атышат”, деп аялым, кабатыр болуп алган. “Ээ, толугу менен…..