Калканбай Ашымбаев: Сүннөт тойдо

Сүннөт тойдо Батакөй чалды кыйыр туугандарынын бири сүннөт тоюна чакырып калды. Байбичеси: –Кап, кантип сомсоюп, куру кол кирип барабыз, кур дегенде баласына курчагандай бөздүн жогун айтпайсыңбы, – деп наалыды. Ары кетип, бери кетип жүрүп бир нече тойлордун көңүлүн алган көк көйнөк тапты. Булар ээрчишип: “Түлөөңөр кабыл болсун” айтып барганда баланын энеси тосуп алып, байбиченин колундагы жупуну белекти додолонуп жаткан чүпүрөк-чапырактын үстүнө ыргытып салды. Күйөөсү аны көрүп: –Ии, төргө өтүңүз, аба, -деди ооз учунан. Төргө төрөлөр шыкалып алганын көрүп: –Жарыктарым, олтура бергилечи, таалайлуу болгула, нарк сактаган нагыз кыргыздын тукумдары экенсиңер, көңүл толугу менен…..