К.Жусубалиев 79 жашта

Кыргыз Эл жазуучусу, өз заманынын генийи атыккан  Кубатбек Жусубалиев бүгүн 79 жашка толду. Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында жарык дүйнөгө келген.  Ал 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965-1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон. Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган. 1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон. 1964-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери, 1965-1985-жж. «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген. Тунгуч аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген аталышта 1967-жылы басылып чыккан. 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун толугу менен…..

Нурлан КАЛЫБЕКОВ, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: «Саясат – бийлик, бийлик – акча, акча – жакшы жашоо деген түшүнүк калыптанып калды»

– Отуз жылдан бери не деген замандарды, не деген опурталдуу окуяларды башыбыздан өткөрдүк. Кыргыз адабияты ушунун баарын чагылдырып бере албай жаткансыйт? – Ооба, коомду чагылдырып жазган мыкты роман болобу, повесть, аңгеме болобу, классикалык үлгүдөгү чыгармалар жокко эсе болуп жатат. Атуулдук ырлар, замандын оош-кыйышына болгон ички протесттер жазылып, поэзияжанры өз жүзүн көрсөтүп келе жатканы менен кара сөз жанры аксап калды. Ал тургай ушул чакчалекей заманды чагылдырчу сатира жанры таптакыр жоголду. – Бул кризистин себеби эмне? – Мунун себеби келип эле каражатка такалат. Мисалы, таланттуулардын көбү азыр чыгармачылыкты хобби катары пайдаланып, баш-оту толугу менен…..