Үсөнбек Асаналиев: Өзүм салган жалгыз аяк жолум бар, Кереги жок даңгыр жолу бирөөнүн.

Сап-санат китебинен. Бишкек – 2008 *** Адамдар мүлтүлдөбөй калыс болсок, Арамдык, куйтулуктан алыс болсок. Эгерим эки жүздүү оңгон эмес, Ушуну эсибизге алып койсок.   *** Кыргыз өзү дүнүйө капар калк эле, Эмне чыгат мактангандар калп  эле. Кыз бүткөндүн баары түгөл Каныкей, Эркектери Манас болбойт жалпы эле.   *** Тууган үчүн жаның түтпөйт, ичиң чок, Башкаларга баш оорубайт, ишиң  жок. Бирок жалаң жакыныңа жан тартсаң, Бул жалганда калбайсыңбы эшиң жок. Жеке өзүңдүн көмөчүңө күл тартсаң, Анда сенин бетиң да жок, эсиң жок.   *** Парыз тура тукум мурас калмагы, Жашоонун көп толугу менен…..