Абдилаат Дооров: Акыр не жооп түшөр болду экен, айды бүктөп сунган катыма?

***** Көргүң келбей менден ийгилик, Турасың өйдөлөп, ирип. Ушунун өзү-пендечилик.   ***** Ыңкыган сары талаа, ызылдаган саратан. … Сага жөө баратам.   ***** Сен экөөбүз түшкөн сүрөт, Төрдүн төбөсүндө. Он жети, жыйырманын белесинде.   ***** О, ак жана гүл жигит, Түшүңө үрдөй кыз кирип, Жатасың жайылып күлүп.   ***** Арпа пиво ичким келди раса, Көксөөмдү кандырайын, Көкүрөктү жандырайын.   ***** Атып салды мени карегиң. Эч ким ара туралбады, Селт этти гүл тулаңдагы.   ***** Аян келди алыстагы өзүңдөн, Ак жүзүңө кадалабы карегим, Сөөгүнөн ачылабы данегим.   ***** – Жибек курттай толугу менен…..

Айзада Эсенжан кызы: Көз тийген сырга (аңгеме)

Эсенжан кызы Айзада 1994-жылы Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. 2001-жылы айылдагы Жеңижок атындагы орто мектебинин ак босогосун аттап, ушул мектепте окуп келет.       Жаш кезинен тарта ырларды жазат.Анын “Турар” басмасынан 2011-жылы “Акак” деген аталыштагы ырлар жыйнагы жарык көрүп окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынды. Ошону менен бирге эле “Жаңы Ала Тоо журналына” да ырлары жарыяланган. Областтык, республикалык газета журналдарга макалалары жарык көрүп келет. Көз тийген сырга (аңгеме) Апамдын сыргалуу болушу айылдагы келин-кезек, байбичелердин айтып түгөтө алгыс жаңылыгы болду да калды. А түгүл тигил Чомполдун үстүндөгү айылдан да апамдын эски толугу менен…..

Эрнис Асек уулу: Тайгаланып кеткен Бакыт жүрөктөн. Тайыз сууга чөгүп өлгөн Ишеним

Кубаныч менен кайгынын, ачуу менен таттуунун, өмүр менен өлүмдүн “жарк” дей түшкөн учкундары Гитара Үнү чыкпайт, созолонбойт негедир, тыңшагансыйт ойлуу олтурган ээсин. 1987 Кемпир жана кумган Карган кемпир олтурат даарат алып, бырыш колго суу куят эски кумган. 1987 Музоо Колдорума тийип кетип суу тумшугу, колдорум самап кетти быдыр тилин. 1987 Абышка Күн табында олтурду бир картаң чал, аптап күнү соолуп жаткан көлчүктөй… 1987 Ширенке Көпкө жатты бир кычыкта ширенке, аягында калды жалгыз күйгөн тал. 1987 Кагаз Жүрөк эле алакандай бир кагаз, Окулду да, ошол замат тытылды. 1987 Жаздык Эки колдун толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Кыргыз жазуучуларынын ичинен эң бактылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев (эсселер)

Ай күнөөлүү … Албетте, Ай күнөөлүү. Биз, адамдар, жаңылыш иш кылганда күнөөнү эч качан өзүбүздөн издебейбиз. Көбүнчө башкаларды күнөөлөйбүз. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү күнөөлөбөй, Айды күнөөлөп жатам. Албетте, Ай күнөөлүү. Чачырап терезеден тийип турган. Айдын жарыгы эле жетет деп ошон үчүн чырак жакпай отурганбыз. Өзүмдү күнөөлөгөндөн коркуп, айды күнөөлөдүм. (Сыртымдагы мен ичимдеги мага: “сен күнөөлүү!” – десем эле күнөөнү шак мойнуна алганы турбайбы). Айтылбай турган сөздөрдүн айтылып, ачылбай турган сырлардын ачылып кетишине… Албетте, Ай күнөөлүү. Сентябрь, 1999 “Мне боль причиняет воздух…” “Мне боль причиняет воздух. Сердце. И даже шляпа!” толугу менен…..

Куттуктоо

Бүгүн КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү: Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиевдин жана акын Гүлзина Мыйзанбекованын туулган күнү. Урматтуу туулган күн ээлери сиздерди бүгүнкү өздүк майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз. Сиздерге бекем ден-соолук, чыгармачылык эргүү, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Үй-бүлөңүздөр менен эсенчиликте узак жашаңыздар. Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы 

Кадыркул Даутов: Акындын акындыгы

Кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Даутов көзү тирүү болгондо бүгүн 80 жашка толмок. Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районунун Үч-Төбө айылында туулган. 1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974-1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976-1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы, 1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы толугу менен…..

Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү

Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү. Биз сыйлаган, биз сыймыктанган улуу акындын туулган күнү менен куттуктайбыз! Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт. Эмгек жолун “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. “Ала-Тоо” журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары “Кыргызстан маданияты”, “Эркинтoo” ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү толугу менен…..

Чыныгүл Анарбаева: Жөнөкөй кызганыч (аңгеме)

Арышың арымдуу болсун, Чыныгүл!! Эл ичинде таланттар жашай берет деген сөз туура экен. Эл кенч болот турбайбы. Жакында Кош-Дөбө айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы орто мектепке барып калсам Чыныгүл Анарбаева деген мугалим мага келип жолугуп: -Сизге жетпей жүргөм, чыгармаларым бар эле, көрүп бербейсизби,- деп жупкадай бир дептер берди. Окуп көрсөм Чыныгүл чын эле таланттуу инсан экен. Чыныгүлдүн жаңы жазган чыгармаларын сиздерге сунуш кылып коюуну туура таптым. Окурмандан өткөн сынчы жок, мына өзүңүз карап көрүңүз. Жакса ак батаңызды ыроолоп коюңуз урматтуу окурман. Ал эми Чыныгүлгө айтарым арышың арымдуу болсун!! Абдымомун Калбаев, акын. толугу менен…..

Алик Акималиев: Менде генийликтин жерпайы бала чагыман эле бар болчу.

Эч жасалмасы жок, турган-турпаты менен акын Алик Акималиевдин ар бир маеги окурманды өзүнө тартып алат. Окуган сайын окугуң келет. Аттиң, көзү тирүү болгондо дагы далай кызыктуу маектерине, ырларына күбө болот элек. 2011-жылы Мамат Сабыров менен кызыктуу маектешүү болгон экен. Окурмандардын эсине кайрадан бир салып коюуну туура көрдүк. Алик Акималиев: Менде генийликтин жерпайы бала чагыман эле бар болчу. -Алик, “Мен – ырдын падышасымын” деп айтып каласың. Үйдүн да падышасысыңбы? -Жок, үйдүн падышасы эмесмин. Эч бир акын үйгө падыша боло албайт. -Эмне үчүн? -Себеби, үйдө каныша бар да. Алар сени жеңип коюшкан. толугу менен…..

Расул Гамзатов: “Айтарым бул: турсам мен оттой жанып, Догдурга эмес сүйүүгө милдеттүүмүн”

Расул Гамзатов, ДАГЕСТАН эл акыны   Булбулдун ыры Булбулдун ырын уктуңбу? Угулат анда салтанат. Ырдайт ал эмне тууралуу? Белгисиз бойдон калган сыр. Мекенди ырдайт кайталап, Тажатмак аны башка ыр.   Коркок «Жашыргын мени, апаке, Корккондон денем муздады. Не кылам? Ал улууңду, Жүрөгүм мыкчып эзилет» «Алып кой уулум мурутту, Таштагын канжар, тумакты Салынып мобул жоолукту, Мүрзөгө киргин тезирээк.   ***** Менин агам кеткен бойдон солдатка, Курман болду Волгадагы кармашта. Энем болсо элесине жалынып, Дайым жүрөт кара жоолук салынып.   Ойго батып, чүнчүп кеттим, басынам, Өткөнүмө мен агамдын жашынан.   Неберем менен толугу менен…..