Куттуктоо

Бүгүн КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын, котормочу Нурлан Калыбековдун, жазуучу Бегижан Ахмедовдун, акын Эркинбек Шейшенбаевдин туулган күнү! Урматтуу туулган күн ээлери, сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык бийиктик, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Бар болуңуздар! Көп жашаңыздар! Сиздердин элге кылар кызматыңыздар али алдыда. Көп ийигиликтерди жаратып, эл сүймөнчүлүгүнө арзып узак жана бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы