Марс Арзымбек уулу: Төшөгүмдөн тураар замат чай сунган, Ата-энемден уккум келет жаңылык.

***** Толкуну жашоонун өйдө-ылдый сүрүлүп, Тунарган багытың, туруксуз үмүтүң. Көркүнө мемирейм, түн сыры керемет, Көргөзбөй жашырган бир сулуу уйкусун.   Түнөргөн түсүнө түн сыры не катат? Түндөсү бүт өмүр “солк” этпей жай агат. Тыным жок жүгүргөн күндүзгү көр турмуш, Түн ичи жоголот, түгөнбөс машакат!   ***** Үзүк сызык узун өмүр, Билинбейт башаты, бүтөөрү… Бир күнүң- бир кесинди. Бир четтен кертилет бүт эми   Өмүрүң өзүңдүкү… Күндөрүң менчик эмес! Ар күнү чебелектеп Адамдар эркин эмес   Тулпардай таңдар атып, Керкидей кечтер өтөт. Бир күн жумуш, бир күн тааныш Бир күн ушак, толугу менен…..