Орхан Сөйлемез: Чыңгыз Айтматовдун романдарындагы тагдыр жана тагдырга болгон ишеним

Чыңгыз Айтматовдун романдарындагы тагдыр жана тагдырга болгон ишеним Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” (Түбөлүк колукту) романынын башкы маселеси, “тагдырдын” адам жашоосуна тийгизген таасирин окурманга жеткизүү болгон. (Айтматов 2007) Романдын өзөгүнө үңүлгөнүбүздө тагдыр түшүнүгүн башкы бөлүмдөрдө аныктама берип, чечмелеп отурган жазуучу, кийинки бөлүмдөрдө ар кайсы каармандарынын өмүр жолунда бул ойлорун дагы да тереңдетип отурат. Айтматовдун ою боюнча “тагдыр” аныктоочу жана тартипке салуучу жападан жалгыз күч. Анын иштөө принциби эч бир жан тарабынан жандырылып жиберилиши мүмкүн эмес; тек гана акыл-эстин күчү менен белгилүү бир өлчөмдө гана аңдап билүүгө боло турган нерсе. Ал дагы толугу менен…..

Төрага Н.Калыбеков Казакстан калкы ассамблеясынын “Мээрим” төш белгиси менен сыйланды

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Н.Калыбеков коомдук байланыш менен жалпы улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымы үчүн Казакстан калкы ассамблеясынын “Мээрим” төш белгиси менен сыйланды. Урматтуу Нурланбек Өскөналиевич, сыйлыгыңыз кут болсун! Сиздин эки элдин ортосундагы адабий алаканы бекемдөө максатында жасап жаткан иштериңиз мындан ары да арта беришине тилектешпиз. Эскерте кетсек Н.Калыбеков 2000-2002-жылдары эл аралык “Шабыт” фестивалында М.Макатаев жана Г.Мусрепов атындагы адабий сыйлыктар менен, 2015-жылы казак хандыгынын 550 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган. Ушул эле “Мээрим” төш белгиси менен кыргыз-казак тилдеринде ыр жазып, эки элдин чыгармаларын бирдей которуп, чыгармачылык менен жигердүү толугу менен…..