Михаил Дымов: Балдар Кудайга жазышат. 3-бөлүм

Кайрадан көрүшкөнчө, Кудай! – Менин Серёжка деген досум бар. Дайыма мээрим тилеп, жетпей жүрөт. (Костя, 2-кл.) – Сени даңктаган, Сага жагабы? Мага абдан жагат. (Леня, 3-кл.) – А Сен билесиңби, биздин Галя таеже үчүнчү күйөөсүн төрөгөнү калды. (Рая, 4-кл.) – Мен ыр жаздым. Алар уяттуу. Мен аларды эч кимге көргөзө элекмин, бирок Сага, Кудай, мен көргөзөм. Мына: Чоңдор ыйлайт жашы менен, Чоңдор ыйлайт карек менен. Балдар ыйлайт жашоо менен, Балдар ыйлайт жүрөк менен. Эгер чоң ыйласа баладай, Анда ал чын ыйлап жатат. (Марик, 4-кл.) – А Сен билесиңби, мен математикадан толугу менен…..