Түрколог, котормочу, акын, комузчу, ф.и.д. профессор Үсөнбек Асаналиев узак оорудан улам каза болду

Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады. 88 жаш курагында Филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Үсөнбек Асаналиев узак оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышты. Түрколог, котормочу, акын, комузчу – Үсөнбек Асаналиев 1932-жылы 14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1956-1959-жылдары Даркан орто мектебинде мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. 1959-1969-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик толугу менен…..