Нурлан Калыбеков: Топурак элем, топурак, Айландым нурлуу кишиге.

Кел… (Калмурат Рыскуловго) Комузду чаап ташка, кылдарын аркан кылып, жаштыкты асып салдың, бул эмнең?.. Кайрыл артка! Катуу айтчу эмес элем, бул дүйнөңдө, кыйкырам арбагыңа тыяктагы, кайрылгын, кайрылгының жашоого быяктагы. Сурангын, жалынгының, көнгүнүң, макул болгун, Кудурет койгон ар бир талап, шартка! Кайра кел, кайра келгин, тозоктун, бейиштин да, бешиктин, бейиттин да, мекени болгон ушул жер бетине. Карачы, канчалаган жандар турат, акыйып, кезек күтүп, өтөбүз дешип жашоо сыноосунан, жер бети – сыноокана, көк бети – суроокана, сен эмес кудайлар да, самашып турат кайра төрөлүүнү. Макулук жаныбар да түлөп түшөт, дарак да, саргайган толугу менен…..