Байдылда Сарногоев: Көрүнүшүң көк бөксөдө баратып, Кыйгач тартып тура калган эликтей

Киного кетип баратам Жигерлүү жигит кезимде, Чокудан чыктым чокуга, Чокуга мени чыгарган, Жаштыктын жалын оту да.   Жигерлүү жигит кезимде, Түшүмдө жүрдүм куш кармап. Өбөктөй түшүп ыкташып. Өңүмдө жүрдүм кыз жандап.   Эңсесем эми чыга албайм, Чокулар калды бийикте. Жаштык кез өттү “жалт” берип, Бай кылып таттуу үмүткө.   Түшүмдө эми куш эмес, Карга да калдым кармабай. Өңүмдө эми кыз эмес, Келин да калдым жандабай.   Бакытым жалгыз өзүң деп, Башкага көңүл байлабай. Киного кетип баратам, Кемпирчем менен жайма-жай.   Мүрзө жанында Жанымды салып кейишке, Жатасың жалгыз бейитте. “Жарк” этпес толугу менен…..