Кыял Тажиева: Акыркы кездешүү

Акыркы кездешүү Көрсө көбү кыска тура. Ошол үчүн маанилүү болду окшойт да. Бул жарыкта биз өтө, өтө эле аз кездештик. Бирок, күнүгө жанда жүргөн көп адамдарга караганда өтө жакын элек. Ал менин – Зайырбек Ажыматов байкем болчу эле да. Кызыгы анын чын эле кымбат адам экени, өтө таланттуу экени, анан да кыргызга керек экени кокусунан эле жаздын бир жайдары кечиндеги суук кабардан кийин, чок баскандай секирип, жакшы күндөрдү колдон тарттырып жибергенде гана сезилип калды. Кеч билип калдык. Анын кыргызга чындап керек экенин өзү да билчү эместир. Анан, аны аңдап биз толугу менен…..