Миргүл Текешова: Айтматовдун ак жарыгы же сөздө кайра жаралуу жөнүндө

Бүгүн улуу жазуучу Ч.Айтматов дүйнө салган күн. Дүйнөгө атагы чыккан залкар жазуучуну эскерип, филология илимдеринин кандидаты, Айтматовтаануучу Текешова Миргүл Бакаиновнанын Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” роман трилогиясы боюнча жазган “Айтматовдун ак жарыгы же сөздө кайра жаралуу жөнүндө” аттуу пикирин окуп коюуну сунуш кылабыз. Айтматовдун ак жарыгы же сөздө кайра жаралуу жөнүндө Чыңгыз Айтматов жөнүндө роман жазылганын угуп, “Чагылгандын көз жашын” жазган, укмуштуудай аталыштарды ойлоп тапкан жазуучу Самсак Станалиевдин өзгөчө сырдуу аты бар романын таап, окуп чыгышым керек эле деп жүргөм. “Акжарыктын айыкпаган арманы” деп эстеп калыптырмын негедир. Атын укканда эле толугу менен…..

Елена Ющук: Күн шооласы айрыйт түндүн пардасын, кылымдардан чарчабаган, атаандаш

Акыркы мезгилдерде калем кармап машыккан үлкөн акын, жазуучуларыбыздан сырткары, адабиятка, анын ичинде котормо жанрына белсене киришип, дүйнөлүк адабият менен бирге эле коңшу элдердин чыгармаларын которуунун үстүндө жигердүү эмгектенип келе жатышкан ыр ышкыбоздорун байкоого болот. “Эл ичи – өнөр кенчи”-демекчи, элге “аты-жыты” азырынча белгисиз ошол ыр ышкыбоздорунун ичинен котормонун маани-маңызына сүңгүп кирип, автор тарабынан айтылган ойду так-таасын бере алгандар да жок эмес экендигин белгилей кетүү абзел. Эмесе, назарыңыздарды Кадырали Мырзанбетовдун котормолоруна бурмакчыбыз. Автордун котормолору укмуштуудай чеберчиликте аткарылган дегенден албетте алыспыз. Бирок, бул анын котормо жаатындагы тырмак алды эмгеги экендигин эске алсак, толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Ким эмнеден коркот?

Ким эмнеден коркот? Илгери бир адамдын пили болуптур. Пил абдан акылдуу жана күчтүү экен. Күндөрдүн биринде адам кышкы отунун камдоо үчүн пилин минип, токойго жөнөмөк болот. – Жалгыз барасыңбы? – дейт аялы, – тиги кошунаңды жардамга чакырбайсыңбы? Ага дайым эле жардам берип жүрөсүң го. – Туура айтасың. – дейт да, ал кошунасын жардамга чакырат. Кошунасы макул болот. – Сен алдыга жөнөй бер, мен артыңдан барам,- дейт кошунасы. Тиги адам азыктан мол алып, отуну көп алыскы токойго барат. Кошунасын көпкө күтөт. Дайыны жок. Ал кошунасы алдаганын ойлойт, ыза болот. Ага бекер толугу менен…..