Таппай жатам Кечирип кой! сурап, таппайм тулкумдан, сага болгон сезимимди жулкунган, кеткенби же таштап салып денемди, “кош” деген сөз чыккан кезде ууртуңдан. Бактымды издеп; Батыш жолго түштүм мен, бууланганбы изибиз же үп күндөн? Убакыттын түшүп алып алдына, башка издерге шерик болуп үшкүргөн. А булуттун боюнда бар келечек, Сулуу булут тамчы менен жел ичет. Өткөндөрдүн ирет изин жууганга, төкчү жаанды билбейм кимдер ченешет?.. Ысымыңды жүрөгүмдөн жууганга, билбейм тагдыр кимдер менен кеңешет… ***** Жаратканым кезиккенде сүйүүмө, орунуңдан оодарылып бир койчу жүрөктөгү. Күзгүдөгү адамды түшүнгөндөй түшүнүк бар жандууга кезиккенде, белги толугу менен…..