Касымалы Жантөшев: Чолпонбай

Чолпонбай 1942-жылдын кыш айлары кыйгап, жаз айлары жандай алып, жай айлары аяктап калган. Чолпонбай жүргөн биздин бөлүк Дон өзөнүнүн чыгыш тарабына жайгашкан. Душмандын күчү Дондун батыш тарабында. Эмне үчүндүр бүгүнкү күн күндөгүдөй эмес. Утуру сыдырым жел жүрүп, сумсайган сур булуттар каршы-терши көчөт. Каркылдаган карга, шакылдаган сагызган, чырылдаган чымчык жок. Тек Дон өзөнүнүн жака-белинде эч кандай жандар жаралбаган сыяктуу… замбиректер күрсүлдөп, миномёттор ызылдайт. Пулемёт, автоматтар тытырап, мылтыктар тарсылдайт. Ажалдын кабарын айткансып, асманда октор зырылдайт. Белгисиз токой, чөп-чар арасынан, арык-чөнөк, окоп жана дзот ичине ок чачылат, асмандан каршы-терши учкан октор бирине-бири кагылат. толугу менен…..