Зайырбек Ажыматов: Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден, Жүзү жарык Зайырбекти таба албай

Кыргыз болгум келет Ушул күнү негедир кайыкты дил, Урпактар э-эй, биздеги айыпты бил. Кыргызмын деп мен азыр турган менен, Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.   Кадыр, каадаң бул күндө кайда калган, Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган. Манас биздин бабабыз деген уят, Майдаланган калк үчүн, майдаланган.   Биз бир кезде тоолордой бийик элек, Биз бир кезде майда эмес, ирик элек. Жакшылыктар башталып биздин элден, Жаратканга жардамчы билик элек.   Арамдыкты сындырып түзөчүбүз, Адалдыкты, актыкты күсөчүбүз. Сактап турган теңдикти бардык жерде, Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.   Калбаганбы уруктук кайрандардан, Карайлаймын нускасын тангандардан. толугу менен…..

Расул Гамзатов: Дайынсыз аска-ташта менин өлкөм, Даңкынан аймагы чак келип көрсөң

Катыңа жооп Катыңды алып азыр келген почтодон, Кайра-кайра окуп жондо мен жаттым. Сүйлөмдөр бар алкоо сезим козгогон, Сүйөм депсиң, даңк-даража каалапсың.   Жазса депсиң дайым менин атымды, Жарлык кылып жарчы гезит прессасы. Айтса депсиң диктор окуп даңкымды: “Гамзатовдун коюлат – деп – пьесасы”.   Бир аз нерсе бул турмуштан алам мен, Бирге болуп билинбеген эл менен. Бирге жүрүп аба жутсам, анда сен Буурул чачым сылай-сылай желдесең.   Карт эмеспиз, бирок орто жаштабыз, Капааттанбайм кайгыртсаң да азгырсаң. Ой үрөнү шыкыраган кампабыз, Оодарылар кыйрагандай калпыс там.   Артык көрбө даңксыз өлгөн кишиден, толугу менен…..

Николай Рерих: Жаңыласың балакай! Жамандык жок! Жамандыкты Жараткан жаратпаган.

БАЙКОО Чоочун киши көчүп келди биздин бактын жанына. Ар бир таңда кыякта ойноп, обон созот жаңыртып. Ойлочубуз биз, дайым кайталайт деп бир ырды, бирок, анын ыры күндө жаңы эле. Бейтааныштар топурап толуп турчу короодо. Мезгил өттү, бойго жеттик, Агам иштеп, эжем турмуш кураар кез. Чоочун киши ырдап жатты дагы эле. Биз, бир күнү басып барып жанына «Эжебиздин үлпөтүндө үйлөнүү» – ырдап бер деп сурандык. Сөз оролу келген кезде сурадык: Кайдан алат улам жаңы сөздөрдү ал, канча жылдар өтсө дагы, ыры дайым жаңы анын? Ал аябай таң калды да, сылап аппак толугу менен…..

Аман Саспаев: Татым туз

ТАТЫМ ТУЗ Суу айрыгына жакын, саздакка чыккан кыяк чөптү ыктап жалгыз түтүн кыргыз жашады. Эзелтен эле жергиликтүү дыйкан уйгурлар конуш тээп, төшкө такай соккон корук тамдын калдыгынан башка ал жерде дагы бул күнгө  чейин  төрт  түтүн  уйгурдун  эски  тамы  сакталып  калган.  Уезддик шаар мындан алысыраак жерге жайгашкан. Бирок, көндүм адат катары, ага каттаган жөө базарчылар көп деле кыйначу эмес. Элдин айтымына караганда, илгерки бир жылдары көл кыргыздары ушул жакка ооп келип кайткан имиш. Ошолордон Келгинбай аттуу бир түтүн кыргыз ушул жерди мекендеп калыптыр. Ал кезде Келгинбай отуздун ортон белине келип калган жигит экен да, оор келте оорусуна кирептер толугу менен…..

Калчоро Көкүлов: Мен таарынсам таалайыма таарынып, Мен сүйлөшсөм теңир менен сүйлөшөм.

****** Табияттын таза түшкөн жаштыгы, Таазим сага татынакай жаз сулуу. Сени күткөн үмүт кандай таттуу да, Сени көргөн өмүр кандай бактылуу. Адал ээрчип, арам ээрчип соңуман, Алаканда айла амалым жогунан. Алда кимге арка болоор, дем болоор, Андай деле иш бүткөн жок колуман. Ак карасы тосуп чыгып жолуман, Анча алыстап кете албадым тобуман. Ары кетип, бери кетип толгонуп, Айлам түгөп алда неден корунам. Ырыс кутту мен ыроолой албадым, Элге-жерге тийгени жок жардамым. Ыр түгөнүп, дем кагылып калганда, Ырас болду сенин келип калганың. Бирде толсо, бирде толбой сандыгым, Көрдүм далай бул дүйнөнүн толугу менен…..

Назым Хикмет: Алга жылган айдыӊ нурдун ичиндемин. Колдорум ишке ынтызар, дүйнө көркөм!

Назым Хикмет Назым Хикмет бу жарык дүйнөдөн катуу кызыткан болот-темир сыӊары кызарып күйүп өттү, андан өмүр бою поэтикалык чыгармалар шыркыраган кызыл учкундардай чачырап, Саманчынын жолундагы жылдыздардай жайнаган өчпөс изге айланды. Кусалык Деӊизге кетким келет. Көгүлтүр суу күзгүсүн кучактап өпкүм келет. Деӊизге кетким келет! Кемелер кетип барат, кемелер чөгүп барат мейкинге алыстагы; сарсанаа шамалына, муӊ-кайгы шамалына керилбей парустары; бир күнү кеме үстүнө чыгармын, балким, мен да өрөпкүп таалайыма, акыры келер өлүм айнылбай жазылган соӊ ар кимдин маӊдайына нурундай батар күндүн деӊизге чөккүм келет, нурундай батар күндүн толкунда өчкүм келет. Деӊизге кетким толугу менен…..

Акбар Рыскулов: Көрбөй, билбей жаңылышкан чыгармын, көрүп туруп жасабадым жамандык

***** Баягычы, сууга барганы, тентек улан эс-эс эсинде… Өткөндөрдү ойлойт жаш келин төрөт үйдүн терезесинде.   Көз алдында аппак бантиги, эселектин ойлуу кареги, мотурайган манжаларында “А”ны чиет мултук калеми.   Беш көкүлүн шамал сылаган, батинкеси кызыл, татына, көрөр эле көлдү суктанып, чыгып алып жыгач шатыга.   Баягычы, сууга барганы, тентек улан эс-эс эсинде… Өткөндөрдү эңсейт жаш келин төрөт үйдүн терезесинде.   Камыш ай Канышай Ал анда күз эле. Эле күз. Ааламда экөөбүз элебиз. Ай карайт, жүзүңдү аймалайт. Аралап камышты келебиз.   Камыштар шуудурап, шыгырап, камыштар алдыңа жыгылат. “Канышай! Канышай! Канышай!”– толугу менен…..

Мустай Карим: Жол үстүндө – буттарым, көңүлүм – ырда. Мен өмүрдү ушундай сүрүп келем.

Башкырт элинин улуу акыны, жазуучусу жана драматургу Мустай Карим. (1919-2005) Сен төрөлгөн жерде болдум Жаркын жаздын жадыраган чагында, Келдим, мына, сен төрөлгөн айылга. Таазим кылам изиң түшкөн жолдорго, Салам берем сага жашташ кайыңга.   Жылып турат күн нуруна жол чаңы, Бийик турат кайыңдардын учтары. Жакшысыңбы, жалжалымдын турпагы! Амансыңбы, алганымдын кыз чагы!   Кутман жердин мейкиндери, кырлары, Каштай тунук Сармасандын суулары, Айдарым жел, жадыраган жаш гүлдөр, Ай жарыгы, күндүн күмүш нурлары.   Баарыңарга алкыш айтып турам мен, Ал-анткени менин жарым силерден Өмүр таап, койнуңарда көгөргөн. Нуруңарды, мээриңерди ал өзү Күлмүңдөгөн көздөрүнө толугу менен…..

Токтош Абыкеев: Арап мерген

Арап мерген Илгери-илгери өткөн заманда, Арап мерген менен Үсөн мерген деген эки мергенчи дос, ак кар, көк муздуу аска-зоодо илбирс уулап жүрүшүп, Арап мерген тайып, терең бир муздун жаракасына түшүп кетет экен. Сыртта калган Үсөн мерген ары чуркап, бери чуркап, досун чакыра берип үнү бүтөт. Акыры эч бир жооп уга албаганда, аны өлдү деп ойлоп, айылына кабарга кетет. Дал ошол мезгилде ээси оогон Арап мерген өзүнө келип, Үсөн досун жардамга чакырат. Ал да жогортон эч жооп уга албай үмүтү үзүлгөндө: -Жаракада жалдырап, Мында тоңуп өлгөнчө, Аркар кууп баратып, учуп өлсөмчү, толугу менен…..

Төлөгөн Мамеев: Ажайып бир сулуулук бүтүп калган, Алайга – бүркүттөрдүн мекенине

Алай Тоолорду көктү челген алайдагы, Бир көрсөң унутпайсың далайга аны. Тоолордун жыйын курчу жериби дейм, Борбордук Азиянын ал аймагы.   Жапжакын турганга окшойт асман ага, Жуурулуп, дене болуп таштар ага. Жылдыздар булуту жок ачык түндө, Жаткансыйт уялашып аскаларга.   Карасам чокуларды ойлор учуп, Тургансыйт көктү тиктеп ойлонушуп. Таң алды сапар тартат уктап калган, Булуттар зоокалардан ойгонушуп.   Таң алды жылдыздар да жымыңдаган, Шамалга чыдай албай тыйылбаган. Болушат көздөн кайым уядагы, Балдарын таштап коюп чырылдаган.   Төмөндө ак жал дайра күр-шар этет, Арча өскөн анын өйүз-бүйүзүнө. Ай конуп турганга окшойт жаңы толугу менен…..