Муратхан Шокан: Коркомун, колду шилтеп бардыгына, Бирөөгө ашык болуп каламынбы?

Муратхан Шокан 1974-жылдын 25-февралында Кытай Эл Республикасынын Тарбагатай аймагындагы Толу ооданынын Акбелдүү айылында туулган. Акын Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Алматы шаарындагы Ноорузбай районунун “Руханий жаңыруу” ортолугунун башчысы, Алматы шаарындагы жаштар саясатын өркүндөтүү мамлекеттик уюмунун алкагындагы “Адабият ааламы” ортолугунун жетекчиси. “Тулга-достук” коомдук уюмунун директору. “Жыйырманын жалыны”, “Мага жаздын белеги”, “Жүрөккө жүгүнүү”, “Тазалыкка умтулуу”, “Түнкү лирика” аттуу ыр китептеринин, “Жаратылышнаама” аттуу философиялык китептин автору. “Аалам бешик ырлары” аттуу обондуу ырлардын альбомун казак тилине которгон. Жана “Эгемендик жеңиши”, “Кытайдагы казак кесипкөйлөрү” аттуу китептердин идеясынын автору жана түзүүчүсү. Ырлары дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган. толугу менен…..

А.Токтогулов: Көркөм сөз милдети

Көркөм сөз милдети Акын өзүндө чыгармачылык концепциясын иштеп чыгып, системага салып, анан кайсы предметке болбосун ошол көркөм ой жүгүртүүсүнүн бийиктигинен мамиле этмейинче, өзүнүн эстетикалык маданиятын көтөрмөйүнчө, сөздү кадырлап, сөз менен тынымсыз иштемейинче чыгармалары майда темалуулуктан, эпигончулуктан, жалган новаторлуктан кутула албасы бышык. Мына ушундан улам эстетикалык маданияты жеткилеӊ окурмандарды ыргагы бирин – эки жылт эте түшкөн саптар, тышкы эффект кызыктырбайт. Сап дегенди тапса болот, атайын ыр жазууну кесип кылган, беш-алты жыйнагы чыккан адамдарда андай тышкы көрүнүшү жалтыраган, жылмакай, кооз сөз тизмектери көп эле кезигет. Мындай ырлар “жалп” этип күйүп, кайра өчкөн толугу менен…..

Э.Эрматов: Адабият – көрүнгөн адам соода кылып кете бере турган базар эмес

ПОЭЗИЯ * * * Поэзиянын эң орчундуу касиети – ыймандай сырды жашырбай окурманга тартуулоо. Акындын бугу, ой-санаасы, жүрөк дарты ырларында чагылып турбаса, анда андай ырлар кунарсыз, супсак. Акын өзүн жазуудан качып көмүскөдө алып жүрсө, жан дүйнөсүн ашкере кылуудан качса андай акындан шектенүү керек. Өзүнө өзү шектенген жандан олуттуу бир нерсе күтүүгө болбойт. Анткени ал өзүн гана эмес, окурмандарын да сыйлабайт. Жан дүйнөсүнүн жардылыгын жарыя кылып коюудан коркот. Ыймандай сыр гана акынды акын кылып турат. * * * Акындын башкы каарманы жеке өзү жана тагдыры. Тагдыры жок акындан дурус чыгармалар чыкпайт. толугу менен…..

Ч.Айтматов: Гезитчи Дзюйо

(аңгеме) – Жаңы гезит!… Гезит! Жаңылыктарды окуганга ашыккыла!.. Дзюйо эки чоң жолдун айрылышында туруп алып кыйкырып жатты. Кээде япон баланын үнү көчөнүн ызы-чуусунан угулбай калат. Бул чоң порт шаарынын эл эң көп жүргөн көчөлөрүнөн болот. Көчөдөгү машиналардын түтүлдөгүнөн, бош-боштогон рикшалардын кыйкырыктарынан, полициялардын чурулдаган ышкырыгынан, тротуарда менменсине баскан америкалык жоокердин дабышынан Дзюйонун үнү жутулуп кетет. Оозун чоң ачканында жүзүнде ойной калган ичке бырыштар таң каларлыктай көрсөтүп, гезитчинин жалооруган көздөрүн, анын кыйкырганын эч ким этибарга албайт. Бир гана: – Гезиттер!.. жаңылыктар!.. Өрт!..— дегени үзүл-кесил эшитилет. Бирок, Дзюйо жалыкчу эмес. Эртеден кечке дейре толугу менен…..

Атантай Акбаровдун поэзия кечеси

Кыргызпатент тарабынан уюштурулган Атантай Акбаровдун  “Тирүү мекен” деген аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү. 21-февраль бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө жана Атантай Акбаровдун 60 жылдык мааракесине арналган бул иш чарага: Н.Калыбеков, М.Ааматов, К.Көкүлов сыяктуу акындар катышып, ыр окулуп, куттуктоолор айтылды. Кечеде, Атантай Акбаровдун  “Кудайга кат” китеби окурмандарга белекке берилип, поэзия сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон ырлар окулуп, обондуу ырлары ырдалды. Автор өзүнүн аткаруусунда ыр ырдап, кеченин катышуучуларына  жагымдуу маанай тартулады.

Абдыжалил Бетегеев: Күйгөнү турат чокулар, Кырына кызыл чок конуп

********* … Тытылып бантиктей кубарган, Ийри жол… коктуга салаңдап. Коңуздай, калдаңдайт, жөрмөлөк, Дейдиген, жол таппай алаңдап.   Айлана маңыроо. Ай көктө.., Ай сымак, күмбөзгө коюлган. Түнөрөт түн койну, көргө окшоп, төбөсү оюлган.   Коңулдан үн чыкты, капыстан.., Тынч турган тынччылык урады. Селт этип ай чоочуп, Жылаңач, аскага кулады.   Жалп өчтү ындыны дүйнөнүн, Жашоо да жүрөктөй токтоду. Тирилик кайнаган серт турмуш, Тытылган бантикке окшоду.   Күзгү аңыздар Аңылдайт азгын аңыздар, Боз чаңгыл чаңга бөлөнүп. Түк баскан өңү таанылбай, Арыктар жансыз чала өлүк.   Коңур жыт каңшаар өрдөбөй, Үргүлөйт үйүр убакыт. толугу менен…..

Насыпбек Асанбаев: Шашма бөжөк

Эне коён жылуу уяда балдары менен чогуу отурган. Ал күнүгө бир маал балдарына китеп окуп, же ар кандай жомокторду айтып берчү. Бул жолу ал бөжөктөрүнө кышкы токой тууралуу окуп жатты. – Кышында жердин баары ак карга бөлөнүп, суулардын үстүнө муз тоңот. Токойдогу бак-дарактар, карагайлар, бадалдар бүт баары ак кардан тон кийишет. Баса, мындай ак тонду кышында биз дагы кийебиз. Ушул жерге жеткенде бөжөктөрдүн арасынан бирөө чыйылдап тура калды. Чынында бул ушундай чыдамы жок коенек болчу. Качан болбосун кепти аягына чыгара укпай суроо берип, же сөздү жыра талашып турар эле. Апасы толугу менен…..

ДАНИЯР ИСАНОВ: БАШ

(Эссе) Баш жөнүндө ойлонгондо, бабалардын элестери биринен сала бири ээрчип, көз алдыма тартылат. Мен алардын элестеринен бизге окшоп башка журтка башын ийип тизе бүкпөстөн, ажалды да айкөлдүк менен кабыл алган эр көкүрөк кишилерди көрөм. Алар эч качан ийин куушура “алакандай журтумду багалбай калдым” деп көздөрүн жалдыратпай, өз элин өгөйлөбөстөн баш болуп берген. Азыр бизди бөтөн журттун алдуу-күчтүү баштары башкарып калганын эстегенде зээн кейийт… * * * – Башың баш, багалчагың кара таш! – деп, зекишчү улуулар кичүүлөрү ката кетирсе. Анан башын жоготкон адам ошол сөздөн туура тыянак чыгарып туруп, өз толугу менен…..

Расемон дарбазасы

Качан экенин так айта албайм, иши кылып бул окуя кечке маал болгон. Кайсы бир малай адам жаандан корголоп Расемон дарбазасынын астында турду. Дарбаза Судзакунун адам көп каттоочу көчөсүндө болгондуктан, азыр бул жайда жаандан корголоп дагы бир нече аял жана итимэ’гаса жана момиэбо’си кийген бир нече жигит туруусу керек болчу. Бирок, кызыл түстөгү боёгу түшүп баштаган тегерек мамыда конуп отурган ийнеликти эске албаганда бул жерде андан башка кыбыр эткен жан жок эле. Мунун өзү акыркы эки-үч жыл аралыгында Киотодо болуп өткөн зилзала, бороон-чапкын, өрт, ачарчылык өңдүү көрүнүштөрдүн кесепети менен байланыштуу болчу. толугу менен…..

Тургунбай Эргешов: Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт, өзүңдө чирип жатса жиликтерим

Мен күткөн бакыт Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум, ыр жазган дептериме тамчылаган. Туяктан жүрөк каны агып жаткан, күлүккө окшоп кетем кансыраган.   Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум, аш ичкен аягыма тамчылаган. Жолдордун ортосунда баратсам да, сокурга окшоп кетем жол сураган.   Бөлүнсөк ыдыраймын, Ата Журтум, денеден тамырларым сөгүлгөнсүп. Экөөбүз өйүз-бүйүз болгонсуйбуз, жер шары тең экиге бөлүнгөнсүп.   Экөөбүз кучакташпыз, Ата Журтум, башкага асман жердей бирикпедим. Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт, өзүңдө чирип жатса жиликтерим.   Кайрылуу Пенделер, мени бир аз аягыла, чындыктын жыпжылаңач жетимимин. Чыгарып салбагыла бурап-бурап, турмуштун туткасынын толугу менен…..